Улуттук банк кечээ, 6-февралда кезектеги интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Бул регулятордун быйылкы жылдагы экинчи интервенциясы.
Ошентип, 6-февралда Улуттук банк 47,1 миллион доллар сатты. Регулятор долларды 86,25 – 86,7699 сом чегинде соодалады.
Улуттук банк сомдун курсун текшилөө үчүн жыл башынан бери 151 миллион 350 миң доллар сатканын кошумчалайбыз.