Кыргызстан "Санарип бажы" жаңы платформасынын долбоорун иштеп чыкты

03.06.2021, 15:20 Акчабар
Кыргызстан "Санарип бажы" жаңы платформасынын долбоорун иштеп чыкты

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан “Санарип бажы” жаңы санарип платформасынын долбоору иштелип чыкты. Аны Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров пресс-конференция учурунда тааныштырды.

Санарип платформасын түзүүнүн максаты - тышкы экономикалык иш-аракеттердин субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, ошондой эле бажы жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу, бул өлкөнүн экономикасына инвестицияларды көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Алдыга коюлган максаттарга жетүү төмөнкүлөр менен камсыздалат:

  • электрондук декларацияга толук өтүү;
  • товарларды автоматтык түрдө чыгарууну киргизүү;
  • товарларды жана транспорттук каражаттарды ташууда жашыл коридорлорду пайдалануу (анын ичинде тышкы экономикалык иштин катышуучуларын категорияларга бөлүү);
  • электрондук декларациялоочу борборлорду ишке киргизүү;
  • бизнес аянтчалары менен терең интеграциялоо;
  • өткөрүү пункттарында көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырууда "Бир аялдама" принцибин толук кандуу ишке ашыруу.

Долбоорду ишке ашыруу 2021-2023-жылдарга чейинки этаптарга бөлүнгөн. Жергиликтүү IT компаниялар ата мекендик тажрыйбаны өнүктүрүү максатында “Смарт бажы” платформасын түзүүнүн үстүндө иштешет. Ар тараптуу бажы жол-жоболорун жүргүзүү убактысы бир кыйла кыскарат, бул Кыргыз Республикасынын транзиттик жана экспорттук потенциалын жогорулатат.

Мындан тышкары, кыска мөөнөттүн ичинде, башкача айтканда, ушул жылдын аягына чейин, бажы кызматы накталай эмес бажы төлөмдөрүн толугу менен кабыл алууну жана “Бирдиктүү терезе” маалымат тутуму менен интеграциялоо шартында электрондук декларациялоо боюнча иш-чаралар пландаштырылды деп айтылат мааламатта.

Тэги: IT-компании Смарт Бажы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу