Накталай эмес төлөмгө өтүү: «Тулпар» картасын кайдан алып жана аны кантип онлайн толуктаса болот?

30.06.2022, 17:42 Акчабар
Накталай эмес төлөмгө өтүү: «Тулпар» картасын кайдан алып жана аны кантип онлайн толуктаса болот?

Шаар тургундарынын эсине! Жакын арада Бишкек шаарынын муниципалдык автобус жана троллейбустарында накталай төлөм жүргүзүү жоюлат. Жол кире акысын төлөө накталай эмес формада, «Тулпар» картасы аркылуу ишке ашат.

Эгерде сиз транспорттук картаны ала элек болсоңуз же картаны толуктоодо кыйынчылыктар жаралып жаткан болсо, муниципалдык транспорт менен жол жүрүү үчүн накталай эмес төлөм жүргүзүү формасына ыңгайлуу өтүүгө жардамын тийгизген кеңештерди сунуштайбыз.

«Тулпар» картасын кайдан алса болот?

Жеңилдиктер каралган кызыл картага (пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар, почточулар) ээ болуу акысыз. Кызыл картаны алуу үчүн карта берүүчү пунктка барып (райондук акимиат), ким экендигин тастыктаган, жеңилдиктер каралган картаны алууга укук берүүчү тиешелүү документти көрсөтүп, сүрөткө түшүү керек. Карта даяр болгондон кийин алуу үчүн кол коюу жетиштүү.

Окуучулар үчүн жашыл картаны окуучу билим алган билим берүү мекемесинен ата энесинин арызынын негизинде же сайттагы билдирмени толтурган соң алууга мүмкүн. Жашыл картанын баасы 50 сом.

Муниципалдык трансорттун калган башка категориясындагы жүргүнчүлөрү үчүн чыгарылган көк картаны «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасынан, автобус жана троллейбустардын айдоочуларынан жана ошондой эле MegaCom'дун Бишкек шаарындагы Сатуу жана тейлөө борборлорунан ала аласыздар (борбордогу кеңселердин даректеринин актуалдуу тизмеси менен шилтеме аркылуу тааныша аласыздар). Көк картанын баасы 50 сом (бул сумманын ичинде троллейбуста же автобуста 1 жолу акысыз жол жүрүү мүмкүнчүлүгү бар).

«Тулпар» картасын кайдан жана кантип толуктаса болот?

Картанын балансын толуктоочу жайлар: «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасы жана айрым төлөм системаларынын терминалдары. Ошондой эле, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун MegaPay тиркемесинен (Google Play жана App Store'дон жүктөп алууга жеткиликтүү) өзүңүзгө ыңгайлуу жол менен - картанын номери, телефон номери жана QR-код аркылуу толуктасаңыз болот.

MegaPay тиркемесинен картанын номери же телефон номери аркылуу төлөө үчүн:

  • тиркемеден «Төлөмдөр» бөлүмүнө өтүп, андан кийин «Башкалар» баракчасына киресиз;
  • андан соң «Тулпар Билеттери (карта менен)» же «Тулпар Билеттери (Телефон)» пункттарынын бирин тандайсыз;
  • реквизиттерди жана төлөмдүн суммасын киргизесиз.

Толуктоонун дагы бир ыңгайлуу жолу QR-код аркылуу ишке ашат. Бул үчүн MegaPay тиркемесинен «Төлөмдөр» бөлүмүнө кирип, «Атайын кызматтар» баракчасына өтөсүз. Андан кийин «Тулпар» пунктун тандап, транспорттук картаңыздагы QR-кодду сканерлейсиз.

Жол кирени карта аркылуу кантип төлөйсүз?

Картаны автобустун же троллейбустун кире беришиндеги валидаторго такап, төлөм ийгиликтүү аткарылганына көңүл буруңуз (транзакция ийгиликтүү ишке ашкандыгын дисплейге чыккан жашыл белги жана сигнал аркылуу билесиз).

Картанын жарамдуу мөөнөтү кандай?

«Тулпар» картасынын бардык түрлөрүнүн жарамдуулук мөөнөтү чектелген эмес.

Тэги: Мегаком MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу