Бирдиктүү салык декларациясын 477 миңден ашык салык төлөөчү тапшырган

14.05.2019, 12:46 gulmira umetalieva
Бирдиктүү салык декларациясын 477 миңден ашык салык төлөөчү тапшырган

Бирдиктүү салык декларациясын 477 миңден ашык салык төлөөчү тапшырган. Бул тууралуу маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова билдирди.

Быйыл 14-майга карата бирдиктүү салык декларациясын 477 миң 934 салык төлөөчү тапшырган. Ал 2018-жылга салыштырмалуу 23 миң 683кө көп.Декларация тапшыргандардын 58 миң 232си мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 45 миң 452си уюмдар, ошондой эле 214 миң 38си жеке ишкерлер болуп, алардын 74 миң 97си патент менен иштейт.

Андан тышкары, 130 миң 453 физикалык тарап, аны менен катар дыйкан жана фермер чарбалары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ээлери декларация тапшырган. Ошондой эле, салык салынуучу кирешеси жок 29 миң 759 физикалык жак да отчет берген.

76 миңден ашык салык төлөөчү декларациясын электрондук түрдө тапшырган. Ал өткөн жылга караганда 12 миңге көп.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу