Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабын баштады.
Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, өнөктүктүн экинчи этабы ушул жылдын 1-майына чейин жүргүзүлөт.
Аталган мөөнөткө чейин төмөнкүлөр декларацияны тапшырууга милдеттүү:
- жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
- менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
- юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
- илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
- эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
- жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.
Эске салсак, юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 31-мартта аяктады.
Тэги: глава ГНС новости Кыргызстана Единая налоговая декларация