Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн күчөтүлгөн режимине өттү

20.01.2022, 10:49 Акчабар
Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн күчөтүлгөн режимине өттү

Кыргызстандын жаңы Салык кодекси кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык органдары салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча күчөтүлгөн режимге өтүштү.

Салык органдарынын бекитилген “бирдиктүү терезелери” графикке ылайык, Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору иш күндөрү саат 23:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштешет.

Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр 28-январга чейин салыктык катталган жери боюнча салык органына салык режимин тандоо жөнүндө арыз менен кайрылышы керек.

“Тактап айтканда, 31-декабрга чейин күчүндө болгон атайын салык режимдеринин негизинде салык төлөгөн төлөөчү Салык кодексинде белгиленген салык режимин тандоо тууралуу арыз менен. Жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн жана 2021-жылдын 31-декабрына карата КНС төлөөчү болуп саналбаган салык төлөөчү КНС төлөөчү катары каттоо же атайын салык режимине өтүү жөнүндө арыз менен”,- деп айтылат Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтында.

Салык режимин тандоо жөнүндө арыз берилбеген учурда салык төлөөчү жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылат.

Тэги: ГНС КР налоги Налоговый кодекс Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу