Салык кызматы кезектеги аткезчилик фактысын аныктады

13.12.2019, 11:15 Акчабар
Салык кызматы кезектеги аткезчилик фактысын аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан бир катар товарларды, ошондой эле ири мүйүздүү малды, жылкыны, азык-түлүктөрдү ж. б. мыйзамсыз ташып кирүү аракеттерине бөгөт коюшту.
 

Алсак, «Ак-Тилек авто жолу» контролдук-өткөрмө пунктунан айдоочуларында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 68 баш ири мүйүздүү мал, ошондой эле 38 жылкыны алып өтүүгө аракет кылган автоунаалар кармалган.

Ошол эле контролдук-өткөрмө пунктунда 3 тонна гречка, 8,2 млн сом суммада 1,2 миң даана аккумулятор алып келе жаткан унаалар кармалган. Айдоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.
 

Бул жерден импорттоочу салык органынын салыктык каттоо жөнүндө мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 107 миң 570 даана преформ алып өтүүгө аракет кылган, анын ТЭИ ТН коду Бурабаев макулдашуусунун тизмесине кирген (башкача айтканда, аны Кыргызстан алып келүү тыюу салынат).
 

«Чоң-Капка» контролдук-өткөрмө пунктунан да ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүү фактылары аныкталган. Анда коштоочу документтери жок 1 млн сомго 7,5 тонна жарык берүүчү секи, 44,9 тонна цемент алып өтүү аракетине бөгөт коюлган.

«Ак Жол» постунан коштоочу документтери жок 15 кап ун жана 3 миң 250 даана пластмасса таңгактар менен унаалар кармалган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

 

Тэги: контрабанда кыргызско-казахская граница налоговая

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу