Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев президент Садыр Жапаровдун Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын ички көчөлөрүн жана Нарын – Баетов унаа жолун оңдоо долбоорлору менен тааныштырды. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарында 18,5 чакырым ички көчөлөрдү оңдоо пландалып, ага 133 миллион сом керектелет.
“Негизги Ленин көчөсүнө жүктү азайтуу үчүн Орозбак уулу көчөсүнүн айланма жолго чыгуучу 1,28 км узундуктагы уландысын куруу пландалууда. Ошондой эле, Ленин көчөсүн толук реконструкциялоо, аллеяларды жана 9,5 км узундуктагы ирригациялык системаларды куруу планда каралган”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, IV категориядагы мамлекеттик маанидеги Нарын – Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөрү айтылат.
"2023-жылы трассанын 36 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Сметалык баасы 612 млн сомду түзөт. 2-этапта 2024-2025-жылдары трассанын калган 84 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Долбоорлорду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат", - деп айтылат маалыматта.