Нарындагы жайыт талаш. Өкмөттүн токтомундагы түшүнбөстүк жагдайлар

10.06.2020, 10:45 Акчабар
Нарындагы жайыт талаш. Өкмөттүн токтомундагы түшүнбөстүк жагдайлар

Нарындагы жайыт талаш боюнча элдик комиссия түзүлүшү керек. Бул тууралуу Жерге Тал аймагынын тургуну Эркинбаев Асанбек«Акчабарга»маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, Өкмөттүн азыркы талашка түшүп жаткан жайыт боюнча бекиткен токтомдорунда бир катар айырмачылыктар болуп жатат.

 

«Менин колумда Өкмөттүн 2019-жылдын 27-ноябрында чыккан 644-токтому турат. Бул токтомдун 4 – пунктуна ылайык, бүгүн бийлик иш жүргүзүп жатат. Бирок, өкмөттүн 2019-жылдын 19-июнундагы 386-токтомун карап көрсөк, 4-пунктунда 2020-жыл деген эч кандай сан жок. Тактап айтканда, жайыт мурунку токтомдо 2019-жылга чейин ганапайдаланууга берилет деп жазылып турат. Бул жерден өкмөттүн ишине таң калуу болуп жатат. 2020 деген санды кайдан алышкан? жана 2030-жылга кантип алмаштырып жатышат? Демек, бул токтом жараксыз. Баары мыйзам чегинде болуусу керек. Эгерде мыйзамга таяна турган болсок, анда Жерге Тал айыл элининн талабы толук кандуу аткарылышы керек. Мыйзамда тактык биринчи орунда турат», - деп билдирди Эркинбаев Асанбек. 

 

 

 

Ал эми Нарын облусунун Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов билдиргендей, токтомдо эч кандай жыл айырмачылыктар жок. Алардын колунда тийиштүү чечим болгондуктан, мыйзам чегинде иш алып барып жатышат.

 

«Биздин колдо 1999-жылы чыккан, жайытты Кочкор элине пайдаланууга берүү үчүн  20 жылга чейин узартылды деген токтом бар. Ал эми пайдалануу мөөнөтүнүн узартылышы, биринчи кезекте Нарын районунун эли үчүн абдан пайдалуу. Учурда район элине узак мөонөткө пайдалануу үчүн 277 миң гектар жер аянтчасы берилген. Жалпысынан республика боюнча 700 миң гектар жайыт болсо, анын 39, 5% Нарын району пайдаланат», - деп айтты Нарын облусунун Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов. 

 

Ал эми нааразы тургундар мыйзамды бузуп жатат деген маалыматты, айылдын тургуну Токторалиев Сыдык четке какты.

 «Жолду тосуп жатышат деген маалымат жалган. Жолду эч ким тоскон жок. Соң Көлгө барам деген көч өтүп атат. Болгону кочкорлуктарды гана Кумбел жайлоосуна эл өткөзбөй жатат. Элдин талабы – жайытты адилеттүүлүк менен өкмөт кайрадан карап чыксын. Эгерде бардык мыйзам, жоболорго таяна турган болсок, анда чечим Жерге Тал элинин кызыкчылыгы үчүн чечилет», - деп кошумчалады Токторалиев Сыдык. 

 

 

 

Эске сала кетсек, Жерге-Тал аймагынын тургундары адилеттүү чечим талап кылып, президентке кайрылышкан.

Тэги: Нарын жайыт жайыт талаш жайыт чыры токтом Өкмөт губернатор Эмилбек Алымкулов Касен Асизов Кочкор Жерге Тал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу