Нарын шаарына спорт комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады.
Тендерди Турак жай-жарандык курулуш департаментине караштуу Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.
Объекттин сметалык баасы 77 млн 796 миң 70 сомду түзөт.
Сынактык арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 6-июнга чейин.