Нарында жетим балдарга каржылык жардам көрсөтүү үчүн банкта депозиттик эсеп ачылды

27.05.2020, 16:00 Акчабар
Нарында жетим балдарга каржылык жардам көрсөтүү үчүн банкта депозиттик эсеп ачылды

Кечээ, 26-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда оор кырдаалга кабылган жарандарга материалдык жардам көрсөтүлдү.

 

Маалыматка ылайык, жардам жалгыз бой энелерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жетим балдарга жана социалдык жактан аялуу адамдарга берилди. Жалпы суммасы 600 миң сомду түзгөн каржылык жардам 120 адамга көрсөтүлдү. Алардын ар бирине 5 миң сомдон берилди.

Мындан тышкары, 20 тоголок жетим балага каржылык жардам көрсөтүү үчүн банкта депозиттик эсеп ачылган. Белгилүү болгондой, жергиликтүү ишкер айым Асел Асанова бул балдарга колдоо көрсөтөт. Депозиттик эсеп ачуунун демилгечиси орто мектептин мугалими Фарида Көчөрова болгон.

Тэги: Нарын облусу Ак-Талаа району жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу