Нарындагы контейнер мектептин ордуна жаңы окуу имараты курулат

20.08.2020, 16:15 Акчабар
Нарындагы контейнер мектептин ордуна жаңы окуу имараты курулат

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерлерден тургузулган мектептин ордуна жаңы мектеп курулат. 150 окуучуга эсептелген орто мектептин жаңы имаратынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусуна болгон иш сапарында маалым болду. 

 

Мектептин мурдагы имараты 1971-жылы салынган жана учурда авариялык абалда турат. Өткөн жылы окуучулар контейнерлерден тургузулган мобилдүү мектепте окууга аргасыз болушкан. Бул коомчулукта кеңири резонансты жараткан. Жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан жана 2020-жылы курулуш иштери башталган.

 

«Мамлекет башчысы курулушту үстүбүздөгү жылда бүткөрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи», - деп жазылат маалыматта. 

 

Жаңы мектептин курулуш иштери ноябрь айында бүткөрүлөт. 

 

Тэги: президент Нарын облусу мектеп контейнер мектеп жаңы мектеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу