Жылдын сегиз айында Нарын облусуна республикалык бюджеттен 379,3 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер төмөнкүдөй болду:
- теңдөөчү трансферт - 279,4 млн сом;
- ыйгарым укуктарды берүүгө – 23,0 млн сом;
- электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга –37,0 млн сом;
- жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 5,7 млн сом;
- айыл өкмөттөрдүн башкы планына- 34,2 млн сом.
Тэги: Нарын бюджет каражат