Керимов Насипбек Асматович энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Министрдин дайындалган орун басары Энергетика министрлигинин жамаатына тааныштырылды.
Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин энергетика тармагында 15 жыл эмгектенип, кийин президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерди даярдоо боюнча чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматында Отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай блогун жетектеген.