Пандемия учурундагы банктардын жардамы: жеңилдиктердин оош-кыйышы

23.04.2020, 11:10 Акчабар
Пандемия учурундагы банктардын жардамы: жеңилдиктердин оош-кыйышы

Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус пандемиясынан улам экономиканын ар кандай тармактарына терс таасир тийгизген чаралардын кабыл алынышына байланыштуу Улуттук банк аталган кырдаалда кыйынчылыктарга туш болгон калк менен бизнеске колдоо көрсөтүүнү чечти.

18-мартта  УБ башкармалыгы «Коронавирус пандемиясына байланыштуу каржы-насыялык уюмдарынын ишмердүүлүгүн убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомун кабыл алды. Документке ылайык, коммерциялык банктарга кардарлар тарабынан насыяларды өз убагында жаппагандыгы үчүн айып пул салууга тыюу салынат жана карызмандарга насыянын негизги бөлүгү менен пайыздык үстөктөрүн төлөө мөөнөтүн үч айга чейин жылдырууга кеңеш кылат.

Төлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу Улуттук Банк тарабынан гана айтылса дагы, көпчүлүк коммерциялык банктар кардарларга түшүнүү менен мамиле кылып, аларды аткарган. Вице-премьер –министр Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча,  15-апрелге карата коммерциялык банктар жалпысынан 46 миң билдирүүнү карап чыгып, 52 млрд сом өлчөмүндөгү насыялардын төлөө мөөнөтүн жылдырып берген.

Чындыгында насыянын төлөө мөөнөтүн жылдырууну алда канча көп адам каалайт. Бул көптөгөн жарандар тарабынан төлөө мөөнөтүн жылдыуу-бул аргасыз чара экендигин жана анын оң гана эмес, терс дагы жактары бар экендигин түшүнбөй жаткандыгына байланыштуу.

Бүгүнкү күндө жумушсуз калып, бизнеси чыгымга учурап жаткандар үчүн насыянын төлөө мөөнөтүн жылдыруу - бул карызды төлөй турчу каражаттарды ишмердүүлүгүн  же өмүрүн улантууга, карызын төлөөгө же башка нерсеге багыттоого мүмкүнчүлүк берет. Бул жерден белгилей кетчү нерсе - насыянын төлөө мөөнөтүн жылдыруу- бул насыяны кечүү эмес, аны келечекке калтыруу дегенди билдирет.

«Мөөнөттү жылдыруу карыз алган адамга карыздын негизги бөлүгүн же пайыздык үстөктөрүн  бир канча убакытка чейин төлөбөй коюга мүмкүнчүлүк берет. Анын мөөнөтү менен шарттары ар бир адам үчүн өзүнчө каралат. Бирок, сиз алган мөөнөттүн аралыгында, ал бир же үч ай болобу, насыянын үстүнө пайыздык үстөктөр насыялык келишимге ылайык  кошула бере тургандыгын эске алуу керек»,-деп билдирди «Акчабарга» коммерциялык банктардын бири.

Башкача айтканда, жылдырылган мөөнөт үчүн дагы төлөө керек. Банк пайыздык үстөктөрдүн кошулуусун токтото албайт, анткени ал аталган үстөктөрдүн эсебинен кызматкерлерге айлык маяна берүү, кеңсенин ижарасы үчүн төлөө жана башка чыгымдары үчүн каражат алышы керектиги тууралуу милдеттери бар.

Аталган убакыттын ичинде чогулган пайыздык үстөктөр кардардын каалоосуна жараша кечирээк мөөнөткө жылдырылышы мүмкүн. Банк менен карызды пролонгациялоо жөнүндө келишим түзүүгө болот. Ал эми эгерде кардар мөөнөттү узартууга макул болбосо, анын ай сайын төлөй турчу каражаттарынын көлөмү жогорулайт. Бирок эмне болгондо да пролонгация үчүн дагы, насыянын төлөө мөөнөтүн жылдыруу үчүн дагы кардар өзү төлөйт.

«Кардардын насыясынын төлөө мөөнөтүн узартып берүүнүн алдында банктын кызматкерлери ага баардык шарттар жана милдеттемелер тууралуу толук айтып беришет жана ага туура келген жолду табууга жардам көрсөтүшөт. Эгерде кардардын бизнеси карантиндин айынан чынында эле чыгымдарга учурап жатса, анда ал үчүн насыянын төлөө мөөнөтүн жылдыруу эң туура жол болуп эсептелет. Ал эми карызын өз убагында жаап турууга мүмкүнчүлүгү бар жарандар андан баш тартуусу оң. Бул банкка дагы, кардарга дагы пайдалуу»,-деп түшүндүрүштү коммерциялык банктан.

Эгерде сиз баары бир насяңыздын төлөө мөөнөтүн жылдырууну чечсеңиз, анда сиз банкка билдирүү менен кайрылууңуз керек. Сиз аны онлайн анкета аркылуу, байланыш борборуна кайрылуу менен же насыялык адистин жардамы менен толтура аласыз. Болбосо каржылык мекеме кардар насыясынын шарттарын мөөнөтү менен аткаруусун күтөт.  

 

Тэги: насыя насыя каникулу пандемия банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу