Насыя алууда нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы эки эсеге төмөндөтүлдү

31.03.2021, 16:00 Акчабар
Насыя алууда нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы эки эсеге төмөндөтүлдү

Насыя алууда карыз алуучулар келишимде күрөөнү нотариалдык түрдө күбөлөндүрүүсү керек. Бул кызмат акынын баасы азыркы учурда эки эсеге төмөндөдү, деп билдирди Юстиция министрлиги.

 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы жеке нотариустар бул кызмат үчүн 3 миңден 4 миң сомго чейин алышат. Юстиция министрлигинин сунушу менен айрым жеке нотариустар кызмат акынын баасын 1-2 миң сомго чейин төмөндөтүштү. Министрлик ишенимдүү нотариустардын тизмесин расмий сайтына жайгаштырды.

Андан сырткары, Бишкек жана Ош облусундагы мамлекеттик нотариустардын иш күнү дагы бир күнгө узартылды. Бул демилге мамлекеттик нотариалдык мекемелерде болгон узак кезек күтүүлөрдөн улам келип чыккан. Ишемби күнү нотариустар саат 15:00гө чейин иштешет.

Тэги: насыя күрөө Юстиция министрлиги карыз алуучулар келишим

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу