Сауд Аравия фонду КР таза суу чыгаруу үчүн 25 жылга насыя берет

17.12.2019, 13:15 Акчабар
Сауд Аравия фонду КР таза суу чыгаруу үчүн 25 жылга насыя берет

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия фондунун ортосундагы «Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу» долбоору боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирет. 

Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар көлөмүндө каражат берилмекчи.

Тармактык комитеттин төрагасы Исхак Пирматов өкмөт өкүлдөрүнүн көңүлүн гранттык каражаттарды өз маалында өздөштүрүү маселесине бурду. «2013-жылы Кара-Балта шаары боюнча ушундай эле гранттык келишимди ратификациялап бергенбиз. Эл аралык каржы уюму Каржы министрлигине аны өз мөөнөтүндө өздөштүрө албаганы үчүн 52 миң евро айыптык төлөм салган», - деди ал.

Белгилеп кетүүчү нерсе, долбоордун жыйынтыгы менен Баткен жана Талас обулусундагы 146 миң адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар таза суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан өлкөнүн суу тармагынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

 

Тэги: Сауд Аравия фонду Таза суу Таза суу аз пайыздагы насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу