Насыя алган жарандар кандай шартта Улуттук банкка кайрыла алат?

07.03.2022, 16:01 Акчабар
Насыя алган жарандар кандай шартта Улуттук банкка кайрыла алат?

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдардан насыя алган жарандар кандай шартта борбордук банкка кайрылса боло тургандыгы тууралуу маалымат таратты.

Эгерде финансылык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдө финансы-кредит уюму (ФКУ) тарабынан тейленген учурда кандайдыр бир суроолор жаралса, керектөөчү биринчи кезекте ФКУнун өзүнө кайрылуусу керек.  

“Керектөөчүнүн кайрылуусуна жооп жазылган катта ФКУнун жетекчисинин колу коюлууга жана анда кайрылууну канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу боюнча так негиздеме берилүүгө тийиш. Эгерде керектөөчү ФКУдан алган жооп менен макул болбосо же жетиштүү деңгээде жооп ала албаса, анда керектөөчү Улуттук банкка кайрыла алат. Банк кайрылган жарандардын маселелерин дайыма карап чыгат”,- деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр Улуттук банкка же анын аймактарда жайгашкан областтык башкармалыктарына ФКУнун иш-аракеттерине арыз же даттануу менен кайрыла алышат. Электрондук почта аркылуу кайрылууда арызданган адам милдеттүү түрдө өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), байланыш телефон номерин (үй, уюлдук же жумуш телефонун), жашаган жеринин дарегин көрсөтүүгө жана кайрылууга себеп болгон маселенин маңызын көрсөтүүгө милдеттүү. 

Тэги: КР Улуттук банкы насыя алуучулар керектөөчүлөр даттануу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу