"Манас" эл аралык аэропортунун туунду компаниясы "Эйр KG" авиакомпаниясынын башкы директору дайындалды. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 16-январында Азат Догочиев "Эйр KG" авиакомпаниясынын башкы директору кызматынан бошотулган. Бош орунга Улукбек Тасмабеков дайындалды.