"Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын туунду компаниясы "Эйр KG" авиакомпаниясынын жаңы башкы директору дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Ал эми ушул жылдын январь айында кызматка киришкен Улукбек Тасмабеков 24-мартта Air KG компаниясынын башкы директорлугунан бошотулду.
Анын ордуна Адыл Улукманов дайындалды.