Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жаңы жетекчи дайындалды

06.09.2023, 16:35 Акчабар
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге Акылбек Жапаров кол койду.

Белгилеп кетсек, аталган кызматты буга чейин жетектеп келген Кеңешбай Тайлаков 14-августта арыз жазып, ордун бошотуп берген. Ал 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын августуна чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын башкарып турду.

Тэги: новости экономика Кыргызстана антимонопольная служба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу