"Борбор Азиянын Капитал Банкы" ААК башкармалыгынын төрагасы дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
15-декабрдан тарта "Капитал Банкты" Туратбек уулу Аалышер жетектейт. Аны дайындоо боюнча чечимди банктын директорлор кеңеши 14-декабрда кабыл алган.
Ал буга чейин башкармалыктын төрагасынын орун басары кызматын аркалаганын кошумчалайбыз. Ошол эле учурда банктын жетекчисинин орду бош болгон.