Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын элчилери жана башкы консулдары дайындалды. Бул тууралуу президенттик сайтта маалымдалды.
Жарлыктарга ылайык:
- Базарбаев Таалай Чолпонбекович Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчиси жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун алдындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды;
- Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги элчиси болду;
- Султанов Талант Кушчубаевич Түркмөнстанга элчи болду;
- Арипов Назарали Турдалиевич Казакстандын Алматы шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды;
- Сыдыкова Лира Эсенгуловна Түркиянын Стамбул шаарына башкы консул болуп дайындалды.
Ошол эле учурда, президенттин жарлыктары менен:
- Мукашев Данияр Муратбекович Италиядагы элчи кызматынан бошотулду;
- Алымкулов Алиясбек Толбашиевич Алматы шаарындагы башкы консул кызматынан четтетилди;
- Абдрахманов Нурлан Асеинович Стамбулга башкы консул болбой калды.