Кече өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28-күндүк болгон кыска мөөнөттүү Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү, тиешелүүлүгүнө жараша 6,59%, 6,98% жана 7,25% түздү. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Белгилей кетсек, 7-декабрда өткөрүлгөн аукционго салыштырмалуу кыска мөөнөттүү кагаздардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү, тиешелүүлүгүнө жараша 0,06%, 0,13% жана 0,04%га жогорулаган.
Эскерте кетсек, 14-декабрда Улуттук банк ноталарды жайгаштыруу жолу менен банк тутумунан 9,6 млрд сом алууну пландаштырган.