Улуттук банк лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашырган жаранга айып пул салды. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында кабарланды.
Маалым болгондой, Кыргызстандын А.у.А. аттуу жаранына 17 миң 500 сом айып салынды.
Белгилеп кетсек, бир катар улуттук валюталардын туруксуздугунун фонунда Интернетте алмашуу операцияларын жүргүзүү сунуштары менен жеке адамдардын жарнактары пайда болууда.