Акча алмаштыруучуларга 1,3 млн сом айып салынды

02.12.2022, 09:16 Акчабар
Акча алмаштыруучуларга 1,3 млн сом айып салынды

Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүргүзгөн жактар ​​тарабынан алып-сатарлыкка жол бербөө максатында жөнгө салуучу орган укук коргоо органдары менен бирдикте текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Жыл башынан бери 121 акча алмаштыруучу жайларда жана 54 жеке жактарда уруксат кагаздары жок чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу фактысы текшерилди. Жыйынтыгында республиканын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы, ошондой эле жөнгө салуучу органдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн 241 көрсөтмө жөнөтүлгөн. Ошондой эле, 47 жолу алмашуу бюролорунун лицензиялары токтотулуп, алар алты акча алмаштыруучу жайдан толугу менен кайтарылып алынган.

“23 акча алмаштыруучу жайдын ар бирине 55 миң сомдон айып пул салынды. Жалпы сумма 1 миллион 265 миңди түздү. Ошондой эле, 39 адамга 17,5 миң сом айып салынып, жалпы суммасы 682,5 миң сомду түзгөн”, - деп билдирет Улуттук банк.

Белгиленгендей, Улуттук банк кырдаалга ар дайым мониторинг жүргүзүп, көзөмөлдөп турат жана зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуу жана коопсуз ишин мындан ары да камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.

Тэги: новости Кыргызстана обменки штрафы НБ КР валюта деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу