Улуттук банк банк тутумунан рекорддук сумма алууну пландаштырууда

02.08.2022, 09:00 Акчабар
Улуттук банк банк тутумунан рекорддук сумма алууну пландаштырууда

Улуттук банк бүгүн, 2-августта жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрөт.

Кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды жайгаштыруунун эсебинен Улуттук банк 12,1 миллиард сомго ашыкча акча массасын банк тутумунан чыгарууну пландаштырууда. Бул ушул жылы ашыкча ликвиддүүлүктүн эң чоң алынышы. Акчанын басымдуу бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 14 күндүк ноталары аркылуу тартуу пландаштырылууда.

Кошумчалай кетсек, 1-августка карата Улуттук банктан 18 миллиард 438 миллион 840 миң сом чыгарылып, көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 64,8%га көп болду.

Тэги: НБ КР ноты денежная масса банковский сектор регулирование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу