Кечээ, 30-ноябрда Улуттук банк Башкармасы коммерциялык банктардын акча алмаштыруу жайлары менен чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу операцияларына коюлган чектөөлөрдү алып салуу боюнча токтом кабыл алды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында 2022-жылдын 22-июлунда Улуттук банк убактылуу чектөөлөр киргизген.
“Бул токтом менен Улуттук банк Башкармасынын “Валюталык операциялар чөйрөсүндөгү убактылуу чечимдер жөнүндө” токтому 2023-жылдын 1-мартына чейин токтотулат”, — деп айтылат көзөмөл органынын билдирүүсүндө.
Эске салсак, 5-сентябрдан тарта Улуттук банк 2022-жылдын 1-декабрына чейин тиешелүү чектөөлөрдү алып салган. Ошентип, бул токтом менен Улуттук банк Башкармасы өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу мөөнөтүн үч айга узартты.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.