Улуттук банк акча которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди

02.09.2022, 14:13 Акчабар
Улуттук банк акча которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди

Улуттук банк Башкармасы “Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Мындай чечим 29-августта кабыл алынды.

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары акча которууларды жүзөгө ашырууда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарды талаптагыдай текшерүү тартибин сактоо талаптарына, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Конституциялык мыйзамга жана “Банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамга ылайык келтирүү максатында киргизилди. 

Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Тэги: НБ КР Нацбанк денежные переводы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу