Атамекендик авиакомпанияларды КНС бошотуу каралууда

04.03.2019, 10:36 Акчабар
Атамекендик авиакомпанияларды КНС бошотуу каралууда

Коомдук талкууга кыргыз авиташуучуларына салыктан жеңилдетүү берүү талкууга алынды. Мыйзам долбоорунда  республиканын территориясына авиа компанияларды, аба транспортторду, кыймылдаткычтарын жана башка тетиктерин ташып келүүдө КНС бошотуу каалууда. 

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын башкы  максаты  өлкөдө жарандык авиацияны өнүктүрүү. Бул атамекендик компанияларга паркын модернизациялоого жардам болмок. Анткени, учурдагы учактардын орточо жашы 28-жыл» — деп мыйзамдын негиздемесинде жазышкан.  

Учактардын эски болушу — атамекендик  авиаташуучулардын  кредит төлөө кудуретинин төмөндүгүнө байланыштуу.  Ошондуктан алар парктарын жаңылап, сапаттуу, туруктуу авиакатамдарды сунуштай албай келишет. 

Түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу- ижарага  учактарды алуу.  Ошондуктан, Кыргызстандын террриториясында ижарага алууга жана убактылуу пайдаланууга ыңгайлуу шарттарды түзүү керек.  Өлкөгө кирген аба транспортторуна адилетүү  салык салуу каралууда. 

«Учурда кыргыз авиаташуучулар айрым аба транспортторун ташууда убактылуу бажы жана салык төлөмдөрүнөн болоштулуп, ал 2019-жылдын 31-декабрына чейин каралган. Бирок, бул мыйзам  кыргыз авиа ташуучуларына  парктарын жаңылоого мүмкүндүк түзбөй жатат. Бул жагдай инвесторлорго дагы  кызыгууну артырбай, акырында КР жарандык авиациянын өнүгүүсунө тоскоол болууда » — деп жазышат долбоордун иштеп чыгуучулары. 

Айтмакчы, Кыргыз өкмөтү 2015-жылы 12-августа жарандык авиаташуучуларды толук түрдө КНС бошотууну  карап жатышкан. Бирок, ЕАЭБ  киргенге байланыштуу  бул укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүү киригизүүгө мүмкүн болбой калган. 

Ушул эле маалда башка мамлекеттерде  жергиликтүү авиакоманиялар КНС бошотуу тууралуу  улуттук мыйзамдарында киргизилген. 

Тэги: авиация налоги авиаперевозки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу