Транспорт министрлиги 382,2 млн сомду максатсыз пайдаланган

18.06.2021, 14:10 Акчабар
Транспорт министрлиги 382,2 млн сомду максатсыз пайдаланган

Мамлекеттик органдар тарабынан 2019-жылы каражаттарды максатсыз пайдалануунун жалпы суммасы 422,2 миллион сомду түздү. Анын ичинен 382,2 млн (90,5%) Транспорт министрлигине туура келет. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча, Транспорт жана жолдор министрлигинде насыялар "түндүк-түштүк жолун куруу" долбоору боюнча 1 жана 2-фазалар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча топту кармоо үчүн жана техникалык көзөмөл кызматтары үчүн 377,8 млн сом суммасында акы төлөөгө жумшалган. 

Бишкек-Ош жолунун мамлекеттик дирекциясы жолдорду капиталдык оңдоодон түшкөн 4,3 миллион сомду жөлөкпулдарды төлөөгө (тамак-аш, жол акысы, коммуналдык кызмат акылардын компенсациясы жана айлык акыга болгон жеке жөлөкпулдар, маанилүү күндөргө бонустар) төлөп берген.

 

 

Тэги: Минтранс Счетная палата КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу