Күйүүчү-майлоочу майлардын баасын негизсиз жогорулаткандарга айып пул салынары эскертилди

11.11.2021, 16:52 Акчабар
Күйүүчү-майлоочу майлардын баасын негизсиз жогорулаткандарга айып пул салынары эскертилди

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков маалымат жыйынында күйүүчү-майлоочу майларды алып келген үч ири компанияга баалардын негизсиз жогорулашы үчүн жоопкерчилик эскертилгенин билдирди.

Анын айтымында, монополист "Роснефть", "Газпром Нефть Азия" жана "Ред Петролиум" ЖЧКларына монополияга каршы органдын тийиштүү талаптары жана аларга атаандаштык мыйзамынын принцибин сактоо жана баалардын кескин негизсиз көтөрүлүшүнө, мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди. 

Тайлаков белгилегендей, жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу майдын баасы Кыргызстанда гана эмес, Орусия менен Казакстанда да кымбаттаган.

"Башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде туруктуу баа абалы бар. Кыргызстанда дизель майынын орточо баасы 55 сомду түзөт. Казакстанда 58 сом, Өзбекстанда 76 сом, Орусияда 62 сом, Арменияда 87-90, Тажикстанда 90 сом. Бензин үчүн бирдей. Анын орточо баасы 58 сом, Өзбекстанда 73 сом, Орусияда 56 сом", - дейт Кеңешбай Тайлаков.

Тэги: ГСМ нефтетрейдеры антимонопольное агентство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу