Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бир жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Белгилеп кетсек, айып пулдун өлчөмү 17,5 миң сомду түзгөн.