Накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү керек – Акылбек Жапаров

18.08.2022, 16:03 Акчабар
Накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү керек – Акылбек Жапаров

Накталай эмес эсептердин үлүшүн олуттуу түрдө көбөйтүү үчүн инфраструктураны түзүү зарыл. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясынын борборду өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмесинде билдирди.

Ал ошондой эле шаарды натыйжалуу башкарууну камсыздоо, анын ичинде транспорттук, турак-жай-коммуналдык жана башка маселелерди чечүү максатында инновациялык технологияларды ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен биргеликте "Алтын-Ордо"жаңы конушундагы мектептин курулушу, №20 мектептин имараты жана кошумча курулушу, ошондой эле №10 мектепти оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Белгилеп кетсек, текшерилген объектилердин жалпы сметалык баасы 640,3 млн сомду түзөт.

Тэги: ремонт школы Акылбек Жапаров Эмилбек Абдыкадыров безналичная оплата

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу