"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Оштогу филиалы Ош шаарындагы жана Ош облусундагы үч чоң вольттогу көмөк чордондордун трансформатордук кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштерди аяктады. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык:
Трансформаторлордун кубаттуулугунун жалпы өсүшү 30 миң кВАны түздү.
Бул иштер керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилге электр тармагынын комплексин даярдоо үчүн жүргүзүлдү.