“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК 6 миллиарддан ашык жөнөкөй акцияларды сатты. Муну Кыргыз фондулук биржасынын маалыматы тастыктайт.
Ошентип, компаниянын уставдык капиталы 10 миллиард сомго көбөйдү.
Эске сала кетсек, бир күн мурда “Электр станциялары” ишканасы да КФБ аркылуу 10 млрд сом тарткан.