Жаңы агрегаттарды ишке киргизүү туруктуу электр энергияны камсыздайт

10.11.2022, 17:03 Акчабар
Жаңы агрегаттарды ишке киргизүү туруктуу электр энергияны камсыздайт

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Асхат Бердиев Токтогул ГЭСиндеги жаңы гидроагрегатты сыноодон өткөрүүгө байланыштуу кайсы объектилер электр энергиядан өчүрүлөрүн айтты. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өндүрүлгөн электр энергиясы №2 гидроагрегаттын ишке киришине байланыштуу жетишсиз болууда.

“Буга байланыштуу өчүрүүлөр бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Бул жергиликтүү аймактык администрациялар жана энергетиктер менен макулдашылган. Биринчи кезекте үчүнчү категориядагы керектөөчүлөрдү өчүрүшөт (калктуу конуштар, шаардык мекемелер, түзүмдөр) Бул учурда электр менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашы кесепеттерге алып келбейт. ГЭСтин бардык агрегаттары ишке киргизилгенден кийин электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы күтүлбөйт”, - деди Бердиев.  

Энергетиктердин айтымында, быйыл ГЭСтин бардык агрегаттары ишке киргизилгенден кийин электр энергиясы толук көлөмдө өндүрүлөт.

Тэги: новости Кыргызстана экономика энергетика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу