Кыргызстандыктардын номиналдык эмгек акысы 16,8%га өстү

27.06.2022, 14:56 Акчабар
Кыргызстандыктардын номиналдык эмгек акысы 16,8%га өстү

Кыргызстанда ушул жылдын январь-апрель айларында (эң акыркы маалыматтар) чакан ишканаларды эсепке албаганда орточо айлык номиналдык эмгек акы 22 миң 84 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу номиналдуу эмгек акы 16,8%га, ал эми 2020-жылдын январь-апрель айларына карата 23,6%га өскөн.

"Экономикалык иштин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда каралып жаткан мезгилде орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы байкалды", - деп айтылат маалыматта.

Мында кыйла олуттуу өсүш саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндө - 44,8%га, искусство, оюн-зоок жана эс алууда - 35,6%, тоо-кен өндүрүшүндө - 29%га белгиленген.

Тэги: зарплаты Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу