Ноокаттагы 190 орунга ылайыкталган мектептин курулушу быйыл бүтөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кургак-Тектир айылындагы мектептин курулушу 2021-жылы башталган.
Учурда окуу корпусу, спорттук залы бүткөрүлүп, ички жасалгалоосу жүрүп жатат.