Новиков «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайындагы бир катар кемчиликтерди аныктады

10.12.2020, 14:40 Акчабар
Новиков «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайындагы бир катар кемчиликтерди аныктады

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутуму менен таанышып, анын бир катар кемчиликтерин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

[news 30714]

Новиковдун айтымына, жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн бардык процесстери автоматташтырылышы керек жана контактсыз негизде жүрүшү керек.



«Жүк декларациясын толтурууда адам фактору толугу менен алынып салынышы керек. Бул мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат», - деди Артём Новиков.



Соңунда  Премьер-министрдин милдетин аткаруучу коррупцияга каршы чаралар менен иштеп чыгууну камтыган товарлардын кыймылын эсепке алууну автоматташтыруунун бирдиктүү тутумун иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү тапшырды.

Тэги: Новиков өткөрүү пункт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу