Новиков: CASA-1000 долбоорунун курулушу ушул жылы башталат

03.02.2021, 14:15 Акчабар
Новиков: CASA-1000 долбоорунун курулушу ушул жылы башталат

CASA-1000 долбоору боюнча курулуш иши ушул жылы башталат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында КР премьер-министринин м.а. Артем Новиков билдирди.

 

Ал бүгүнкү күндө техникалык жана даярдык иштери бүтүп, ресурстар жеткирилгенин кошумчалады.

«Электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү жана аны жеткирүүнү Энергетика министрлиги менен талкуулайбыз», - деди ал.

Новиков Digital CASA долбоору тууралуу кеп кылып жатып, маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун курулушу жана линияны тартуу маселеси тургандыгын айтты. Линияны тартуу боюнча өкмөт башчынын м.а. техникалык тапшырмалар туура эмес толтурулган, буга байланыштуу өткөн жумада долбоордун кеңсе жетекчиси кызматтан алынды, азыр дизайны толугу менен алмаштырылып жатат деп билдирди.

«Финансы министрлиги техникалык багыт боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат», - деди ал.

А.Новиков эгер долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасында ишке ашырыла турган болсо, казынанын ресурсу кайтарымсыз пайдаланылбашы керек, эгерде мамлекеттик казынанын каражаты кайтарымсыз негизде колдонулса, анда аны мамлекеттик операторлор ишке ашырышы керек деп түшүндүрдү.

Тэги: CASA-1000 долбоор Новиков Электр энергиясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу