«Дастан» ишканасынын жаңы жетекчилиги үч жыл мурунку карызды төлөп бүттү

13.12.2021, 12:33 Акчабар
«Дастан» ишканасынын жаңы жетекчилиги үч жыл мурунку карызды төлөп бүттү

Бизнес-акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнүн натыйжасында ишкер 2019-жылы “Дастан” ААКтын филиалына жеткирген товары үчүн каражатын алды. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

2019-жылдын 26-июнунда “Дастан” ишканасынын филиалы менен 126 миң сомго полиэтилен түтүктөрдү алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Ишкер өзүнө жүктөлгөн милдеттенменин бөлүгүн толугу менен аткарып, бирок аталган ишкананын филиалы бир айдын ичинде төлөм боюнча кепилдик катын, андан кийин дагы ушул сыяктуу эки катты бергенине карабай, келишим боюнча төлөмдү ала алган эмес. Ошентип, кийинки үч жыл үчүн эч кандай төлөм жасалган эмес.

Төлөмдү алуу үчүн көптөгөн аракеттерден кийин, 2021-жылдын сентябрь айында жеткирүүчү компаниянын жетекчиси бизнес-акыйкатчыга арыз менен кайрылган. Ишкердин арызы белгиленген критерийлерге жооп берип, институт аны карап баштаган. Катчылыктын кызматкерлери арыздын предмети жана аны чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору боюнча компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

"Анын натыйжасында компания каржылык кыйынчылыктарга карабастан, бир календардык жылдын ичинде карызды толугу менен төлөп берүү менен ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдү өзүнө алган жана ишкер биринчи төлөм берилген”, - деп билдирди Бизнес-акыйкатчы институтундагылар. 

Тэги: ТНК Дастан долг предприниматель бизнес-омбудсмен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу