"Кыргызалтындын" жаңы жетекчиси жамаатка тааныштырылды

17.11.2020, 11:52 Акчабар
"Кыргызалтындын" жаңы жетекчиси жамаатка тааныштырылды

Бүгүн "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жаңы төрагасы Эльмырза Укубаев компаниянын кызматкерлери менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 

Жыйында, Укубаев мекемени мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өнүктүрүунү убадалады.

"Биздин алдыбызда бир топ иштер турат. Алдыга коюлган максатка жана ийгиликке ынтымакта гана жете алабыз", - деди Укубаев.

Өз кезегинде "Кыргызалтындын" кызматкерлери жетекчиге ийгилик каалап, колдоо көрсөтүшөөрүн белгиледи. 

Анда кийин жетекчи Ишимбай Чунуев, Уланбек Рыскулов баштаган геологиялык кызматтын мурдагы башчыларын жана "Кен тоо" долбоор изилдөө борборунун директору Бакыт Кожагуловду кабыл алды. Алар бул тармак стратегиялык экенин жана жоопкерчиликти талап кылаарын белгилешти.

Мындан тышкары, алар компаниянын экономикалык өнүгүү тенденциясын сактап калуунун маанилүүлүгүн, ошондой эле “Кыргызалтындын” өндүрүштүк потенциалын мындан ары өркүндөтүү жана анын базасында каржы-өнөр жай холдингин түзүү зарылдыгын белгилешти.

Элмырза Укубаев тараптарга ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн мыйзамдарына ылайык бул багытта бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын айтты.

 

Тэги: Кыргызалтын новый председатель председатель правления золото

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу