Новосибирскиге Кыргызстандан ташылып келе жаткан мөмө-жемиштер киргизилген жок

21.09.2020, 15:15 Акчабар
Новосибирскиге Кыргызстандан ташылып келе жаткан мөмө-жемиштер киргизилген жок

Сентябрь айынын башында Кыргызстан жана Казакстандан ташылып келе жаткан дээрлик 70 тонна өсүмдүк продукциялары Новосибирск облусуна киргизилген эмес. Бул тууралуу Россиянын Новосибирск облусуна караштуу айыл чарба көзөмөлү билдирди. 

Жалпысынан 72.19 тонна продукция Россиянын Новосибирск облусуна караштуу айыл чарба көзөмөлү «Карасук» фитосанитардык текшерүү постунда 1-сентябрдан 16-сентябрга чейин кармалып турган. 

Маалым болгондой, продукциялар Кыргызстан менен Казакстандын аймагынан Россияга сатуу үчүн ташылып келген. 

«Кыргызстандан ташылып келе жаткан 20.5 тонна кара өрүк, 2.28 тонна мөмө-жемиштер, 0.34 тонна алча, 7.22 тонна кургатылган жемиштер жана 2.75 тонна күрүч эгиндери, продукция тууралуу так маалымат, тастыктоочу сертификаттын жоктугунан улам кайра артка кайтарылды», - деп жазылат маалыматта. 

Тэги: Сентябрь Кыргызстан Казакстан өсүмдүк продукциялары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу