Энергетиктер электр энергиясына жаңы тарифтерди киргизүүдөн түшкөн кошумча кирешенин көлөмүн эсептеп чыгышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин башчысы Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылдын 1-майынан тарта тарифтердин көтөрүлүшүнүн эсебинен ишканалардын кирешеси 1,5 миллиард сомго көбөйөт.
Талант Ибраев керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын жаңы баасы Министрлер кабинетинин 2025-жылга чейинки орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомунун негизинде белгиленгенин эске салды.