2019-жылдын ноябрь айында, 2018-жылдын декабрь айына салыштырмалуу тамак-аш продукцияларына жана алкоголдук ичимдикке болгон баа республика боюнча 4% көтөрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Ведомствонун берген маалыматына ылайык, эң көп жогорулаган баа мөмө-жемиштерде катталган – 19,9%, таруунун баасы – 14,4%, балыктын баасы – 12,4%, картошкага болгон баа – 12,1%, койдун майы - 12,2 % жогорулаган.
Андан сырткары: ун – 10,5%, күрүч – 7,3%, тоңдурулган балык – 7,1%, жаны эт – 5,2% жана кургак сүт азыктарына болгон баа – 2,9% кымбаттаган.