Салык кызматы экспорттоочуларга жана ташуучуларга Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды экспорттоодо электрондук эсеп-фактуранын болушу зарылдыгын эскертет.
"Анын болушу Кыргызстандын аймагынан товарларды тоскоолдуксуз алып чыгууну камсыздайт, ошондой эле кечиктирүүнү жоюуга жана импорттоочу өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан мүмкүн болгон кошумча текшерүүлөрдү болтурбоого мүмкүндүк берет", - деп жазат Салык кызматынын басма сөз кызматы.
Электрондук эсеп-фактураны колдонуу 2020-жылдын 1-июлунан тартып бардык КНС төлөөчүлөр, ошондой эле товарларды импорттоочу жана экспорттоочу салык төлөөчүлөр үчүн милдеттүү болуп калды.