“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Ошентип, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин чечими менен Нурбек Тотонов банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп дайындалды. Чечим 26-июндан тарта күчүнө кирди.
Белгилеп кетсек, Нурбек Тотонов Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын мүчөсү.