Парламенттин төрагасы болуп депутат Нурланбек Шакиев шайланды.
Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында депутаттар жаңы төрагага добуш беришти. Анын талапкерлигине 80 депутат макул, 6 депутат каршы добуш берди.
Добуш берүүнүн алдында талапкер кесиптештеринин бир катар суроолоруна жооп берди.
Буга чейин бул кызматты Талант Мамытов аркалап келген.