Нуржамал Ильясова ЕЭКтин бизнести өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында жазылды.
Ильясова 1998-2016-жылдары "Кыргызпатентте" ар кандай кызматтарда иштеген.
2020-жылдан 2021-жылга чейин Экономика министрлигинде ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы болгон.
1999-жылы Бишкек гуманитардык университетин, 2004-жылы Кыргыз-орус Славян университетин аяктаган.